ДССУ коронавирус менен күрөш көпкө созуларын айтты

Адистер көпчүлүк жерде вирустун жайылышын ооздуктоо мүмкүн болбой жатканын, өндүрүлгөн вакциналардын саны пандемиядан бир учурда арылуу үчүн жетишсиз экенин айтышат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Адамзат алдыда дагы узак жылдар бою пандемия менен күрөшөт. Мындай пикирди Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын директору Майкл Райан билдиргенин РИА Новости жазды.
Адис бул тууралуу брифингде айткан.
“COVID-19га каршы күрөшүүдө биз жетишкен ийгиликтерге карабастан эпидемияны четтетүү оңой эмес экенин көрсөткөн көптөгөн факторлор бар”, — деген ал.
Райан мындай пикирин бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча бардык эл COVID-19га чалдыгып жатканы менен түшүндүрдү. Бардык жерде вирустун жайылышын ооздуктоо мүмкүн боло бербейт, ошондой эле өндүрүлгөн вакциналардын саны пандемиядан бир учурда арылуу үчүн жетишсиз.
Эпидемиолог: COVID-19га каршы вакцина симптомсуз ооругандарга пайда алып келбейт
Ошол эле учурда эксперт оору менен күрөшүүгө багытталган бардык чаралар текке кетпестигин, күн сайын көрүлгөн аракеттерден улам коронавирустан адам өлүмү жана жаңы жугузган учурлар азайып жатканын белгиледи. 
Райан ошондой эле адамзат тарыхында буга чейин да эпидемиялар жайылып, көп жылдарга созулуп келгенин кошумчалады. Анын пикиринде, мындай учурда илдетке жаш муун кабылат, анткени чоңдордун жыл өткөн сайын ооруга каршы иммунитети бекемделет.