Дарыгер кальян менен тамекинин кайсынысы зыян экенин айтып берди

Кальянды тамеки тартуунун коопсуз ыкмасы деп эсептегендер жаңылышат. Анткени кальян чегүү дем алуу органдарынын майда бөлүкчөлөрүн дагы жабыркатып, ракты пайда кылышы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников "Россия 1" телеканалынын эфиринде кальяндын кадимки тамекиге караганда зыяндуу экенин айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Дарыгердин айтымында, бул каражатты тамеки тартуунун коопсуз ыкмасы деп эсептегендер олуттуу жаңылышат.
"Чындыгын айтканда, биз кальян чеккен учурда бир жарым куту тамеки чеккенге барабар болгон зыяндуу заттарды денебизге сиңиребиз", — деп түшүндүрдү Мясников.
Инсульт менен жүрөк оорусун ойготуучу себептердин бири аталды
Кальян чегүү дем алуу органдарынын майда бөлүкчөлөрүн дагы жабыркаткандыктан, мунун арты өпкө рагын пайда кылышы мүмкүн.
"Биз күйгөн микробөлүкчөлөрдү түтүн менен кошо тартканда өпкөдө микрокүйүктү пайда кылып, бул өпкө рагына себепкер болот", — деди ал.
Мясников тамеки тартуунун коопсуз түрү жок экендигин белгилеп, мүштөк менен сигаралардын ооз рагынын пайда болуу кооптуулугуна таасири чоң экенин кошумчалады.