БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Россиянын Илимдер академиясынын академиги Арег Тотолян коронавирусту симптомсуз алып жүргөндөр үчүн вакцинанын кандай тобокелдиктери бар экенин айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Вирус организмге кирип, бирок дем алуу системасында көбөйүп кетпесе, башкача айтканда, белгилери билинбей жүрсө, демек, эч нерседен коркуунун кереги жок. Бирок сасык тумоо болуп, дене табы 37-38 градустан жогору болуп тургандар вакцина албай турганы туура", — деген Тотолян.
Ошондой эле дарыгердин айтымында, жыт жана даам сезбей жаткан адамдар да вакцина албай турганы жакшы. Анткени организмде ага чейин эле вирус бар кезде вакцина иштей албайт.
Мындан тышкары, адис эмдөө алуу же албоону өз алдынча чечпей, адис менен кеңешип көрүүнү сунуштайт.