Ысык-Көлдө унаа бакты сүзүп, бир аял каза тапты. Жеринен тартылган сүрөт

Mercedes-Benz Sprinter жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Унаа ичинде айдоочу жана 17 жүргүнчү болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кечээ, 24-январда, Ысык-Көл облусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Кечээ, 24-январда, Ысык-Көл облусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти
Жол кырсыгы Каракол — Бишкек унаа жолунда, Түп районундагы Күрмөнтү айылынан анча алыс эмес жерде болгон.
"Mercedes-Benz Sprinter жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Анын ичинде айдоочу жана 17 жүргүнчү болгон. Кырсыктын кесепетинен бир аял көз жумду”, — деп айтылат маалыматта.
Жаракат алган жети киши тийиштүү жардам алып жатат. Алардын арасындагы алты жаштагы бала реанимацияда болсо, калгандары палатада.