Бишкекте ири курулуш компания көп жылдан бери мыйзамсыз турак жай куруп келген

Жеке курулуш компания тарабынан мыйзамсыз курулган объектилер коммуналдык кызматтарга белгиленген ченемдерди бузуу менен кошулганы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бишкекте тиешелүү кызматтардын колдоосуна ээ болуп алып, узак убакыттан бери курулуш иштерин мыйзамсыз жүргүзүп келген ири курулуш компаниясы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4
Бишкекте тиешелүү кызматтардын колдоосуна ээ болуп алып, узак убакыттан бери курулуш иштерин мыйзамсыз жүргүзүп келген ири курулуш компаниясы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди
2 / 4
Маалыматка караганда, мыйзамсыз курулган объектилер коммуналдык кызматтарга белгиленген ченемдерди бузуу менен кошулган
3 / 4
Мыйзамсыз курулган имараттар, курулуш компаниянын эсебинен эч кандай компенсация төлөнбөстөн милдеттүү түрдө бузулушу мүмкүн экени айтылды
4 / 4
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.
Маалыматка караганда, мыйзамсыз курулган объектилер коммуналдык кызматтарга белгиленген ченемдерди бузуу менен кошулган.
"Жооптуу жогорку кызматтагы кызматкерлер жана иштеп чыгуучулар тарабынан жасалган мындай аракеттер келечекте жашоочулардын ден соолугуна жана жакын жайгашкан турак үйлөргө техногендик кырсыктын жогорку тобокелдиктерин жаратат. Бул көп кабаттуу үйлөрдүн жайгашуусунун дал келбестигинен улам Бишкек шаарынын экологиялык абалынын курчушун, абада чаңдын көбөйүшүн шарттайт", — деп жазылат маалыматта.
Мыйзамсыз курулган имараттар, курулуш компаниянын эсебинен эч кандай компенсация төлөнбөстөн милдеттүү түрдө бузулушу мүмкүн экени айтылды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.