Пневмония болгон хирург Талант Өмүрбековдун абалы айтылды

Өмүрбеков өткөн жумада эки тараптуу пневмония менен ооруканага түшкөн. Абалы оор болгондуктан дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына түшкөн белгилүү балдар хирургу Талант Өмүрбековдун абалы тууралуу Sputnik агенттигине аталган медициналык жайдын жетекчиси Гүлжигит Аалиев маалымат берди.
Эске салсак, Өмүрбеков 19-январда эки тараптуу пневмония менен оор абалда ооруканага жаткырылган.
"Акыбалы турукташып калды. Бирок дагы деле жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек", — деди Аалиев.
Талант Өмүрбеков Кыргызстанга таанымал дарыгер. Ал Бишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын мурдагы дарыгери, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын балдар хирургиясы кафедрасынын жетекчиси, профессор, медицина илимдеринин доктору.