Мыйзамсыз орнотулган объектилерди көрсөңөр, чалгыла! Мэриянын кайрылуусу

Учурда Абдымомунов көчөсү менен Малдыбаев көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган темир тосмолор алынып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Ордо калаада мыйзамсыз жана туура эмес жерге орнотулган объектилерди көрсөңөр муниципалдык кызматтарга кабарлап койгула. Бул кайрылууну Бишкек мэриясынын маалымат кызматы таратты.
"Орто-Сай" базарынын айланасы көчө соодасынан тазаланды
Мындан сырткары, Абдымомунов көчөсү менен Малдыбаев көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган темир тосмолор да алынууда.
Мэрия мындай мыйзамсыз орнотулган объектилерди көрүп-билгендерди 0777147493 телефон номерине чалып кабарлап коюуну өтүндү.