Кара-Кече көмүр кенинен өрт чыкты. Сүрөт, видео

Тилсиз жоо саат 10дордо чектөөгө алынган. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы транспорттук таразалардын бири өрттөнгөнүн билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Нарын облусундагы "Кара-Кече" көмүр ишканасынын аймагында өрт чыкканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
ӨКМдин билдиришинче, өрт ишкананын аймагындагы контейнерден чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 08:20да Жумгал районунан бир бөлүм тартылып, саат 10:05те чектөөгө алынган.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы транспорттук таразалардын бири өрттөнгөнүн билдирди.
"Болжолдуу маалымат боюнча, жүктүн салмагын тарткан жерден электр зымдары тийишип кеткен. Контейнердеги компьютер, стол, стулдар күйгөн. Өрт көмүр казуу ишине таасирин тийгизген жок, жумуш штаттык режимде уланып жатат. Жакынкы күндөрү күйгөн жер калыбына келтирилет. Документтер башка жүк ченеген жайда болчу, аларга зыян келген жок", — деп билдирди ишкана.
Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.