Кыргыз каймактарынын бири Иманалы Айдарбеков жана үй-бүлөсү. Тарыхый 11 ирмем

Sputnik

Sputnik Кыргызстан Иманалы Айдарбеков жана анын үй-бүлөсү тууралуу тарыхый ирмемдерди камтыган сүрөт түрмөгүн жарыялайт.

Айдарбеков өзү манаптын уулу болгону менен советтик бийликтин орношуна зор салым кошуп, мамлекеттик ишмер катары таанылган. 1918-жылдын башында РКП(Б)га мүчөлүккө өтүп, бара-бара Пишпек шаардык уездинин кеңешинин мүчөсү катары ага төрагалык милдет тагылат. 1924-жылы Кара Кыргыз автономиялуу облусунун Ревкомунун төрагасы болуп дайындалат.

Улуу кызы киши колдуу болуп, кичүүсүн качырып. Иманалы Айдарбеков жөнүндө 10 факты
Иманалы Айдарбековдун өмүрү аянычтуу аяктаган. 1937-жылы кооптуу түндөрдүн биринде Ички иштер эл комиссариаты (НКВД) чүмбөттөлгөн автоунаасы менен келип, Иманалы Айдарбековду үйүнөн алып кетет. Аны совет бийлигин орнотууда чогуу иштеп, кыргызга жан-алы калбай кызмат кылган Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов өңдүү санаалаш адамдарына каршы үгүттөп, "кыргыздын саткындары" деп жазып бересиң" деп кыйноого алышат.

53 жашында камалган Айдарбеков бир жыл бою түрмөдө сабалып, азап чеккен. Жан чыдагыс кыйноо үй-бүлөсүнө да таасирин тийгизип, улуу кызын белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кетип, туугандарынын да көзүн тазалашкан. Ал эми кичүү кызы Рафа Айдарбекова Москвага качып кутулган. Кийин ал кызы Улуу Ата Мекендик согушка катышып, кийин кайтып келип, атасынын дайынын иликтеген.

Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө салым кошкон инсан Иманалы Айдарбековдун уучу куру болбой, "аккан арыктан суу аккан". Небереси, Рафа Айдарбекованын уулу Азамат Айдарбеков белгилүү хирург болгон. Анын кызы Айжан Айдарбекова да медицина илимдеринин доктору, профессор. Уулу — Иманалы Айдарбековдун чөбөрө жээни Чыңгыз Айдарбеков КРдин мурдагы тышкы иштер министри.

... Иманалы Айдарбековдун сөөгү Абдыкерим Сыдыков, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев өңдүү замандаштары жана үзөңгүлөштөрү менен бирге өзү туулуп-өскөн Жал айылынан анча алыс эмес жердеги "Ата-Бейитке" коюлган.

 

1 / 11
Иманалы Айдарбеков 1884-жылы азыркы Сокулук районунун Жал айылында жарык дүйнөгө келген
2 / 11
Иманалы Айдарбеков кызы Рапия (Рафа) Айдарбекова менен
3 / 11
Иманалы Айдарбековдун үй-бүлөсү. Алардын Токтобүбү жана Рапия (Рафа) аттуу эки кызы болгон
4 / 11
Иманалы Айдарбековдун кызы Рафа Айдарбекова Улуу Ата Мекендик согушка катышып, врач-хирург болгон. 1941-жылдан 1946-жылга чейин жүрүп, Фрунзеге подполковник чини менен кайтат
5 / 11
Орто Иманалы Айдарбековдун күйөө баласы Зыфар Игембердиев. Анын оң жагында кызы Рафа Айдарбекова, сол жагында жубайы Кичкен Айдарбекова. Коляскада - небереси Азамат
6 / 11
Зыфар Игембердиев, Рафа Айдарбекова жана алардын уулу Азамат
7 / 11
Зыфар Игембердиевдин уулу Азамат менен сейилдеп жүргөн учуру
8 / 11
Рафа Айдарбекова уулу Азамат Айдарбековду жетелеп келе жатат
9 / 11
Рафа Айдарбекова Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, монументке гүл коюуда
10 / 11
Иманалы Айдарбеков жашаган үй. Тарыхый объект Бишкектин Биринчи май (азыркы Раззаков) көчөсүндө жайгашкан
11 / 11
Иманалы Айдарбековдун чөбөрөсү, мурунку тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун 74-Ассамблеясында сөз сүйлөп жаткан учуру