БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Келерки аптада Азия футбол Конфедерация (АФК) кубогу мелдешинин тайпалык туруна чүчү кулак тартылат. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол союзу билдирди.
Мелдешке Кыргызстандын чемпиону “Дордой” жана өлкө кубогунун жеңүүчүсү “Алай” клубдары катышат. 27-январда мелдештин тайпалык этабына чүчү кулак тартылып, ата мекендик командалардын атаандаштары аныкталат.
АФК кубогу быйыл жаңыланган форматта өтүп, тандоо оюндары болбойт.
Катышуучу командалар мурдагыдан өзгөчөлөнүп турат. Мелдешке Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын өкүлдөрүнөн сырткары Борбордук Азия зонасында Өзбекстандын командасы да ойнойт.
Мелдеш тайпалык этаптан башталат. Ага катышкан жети команда эки тайпага бөлүнөт. Тайпанын жеңүүчүлөрү чөлкөмдүн финалында ойнойт.
Кыргызстандын чемпиону “Дордой” экинчи себетке, ал эми кубоктун жеңүүсү “Алай” төртүнчүгө жайгаштырылат.