"Акыркы көч" Дакка эл аралык кинофестивалында эң мыкты тасма деп аталды

Фестиваль 16-24-январь күндөрү Бангладеште өтүп, анда 73 мамлекеттен 226 тасма көрсөтүлгөнү айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бангладеште өткөрүлгөн Дакка XIX эл аралык кинофестивалында (Dhaka lnternational Film Festival (DlFF) "Акыркы көч" киносу "Эң мыкты тасма" деп аталды. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Аталган фестиваль 16-24-январь күндөрү өтүп, анда 73 мамлекеттен 226 кино көрсөтүлгөнү айтылат.
Улуу көчтү улагандар чыгаттыр. Кино өнөрүн четтен окуп жаткан жаштар кеп салганда
Кинокартинанын режиссерлору - Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынан "Билимкана" фондунун колдоосу менен тартылган.
Фильмде Марат Алышпаев, Шайыр Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыяктуу көрүнүктүү актёрлор роль жараткан.
"Акыркы көч" кинокартинасы 2020-жылы Таллинде өткөн "Темные ночи" кинофестивалына да катышып, тасманын дүйнөлүк премьерасы Эстонияда болгон.