БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Россиянын Түз инвестициялар фонду Түркияда коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын чыгаруу боюнча аталган өлкөнүн фармацевтикалык продукция өндүрүүчү алдыңкы компаниясы менен келишим түздү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматта аталган өлкөгө технологияларды ташуу башталганы айтылат.
"Спутник V" вакцинасын жылына бир миллион дозада чыгарууга ылайыкталган. Өндүрүштүн көлөмүн кеңейтүү маселеси да талкууланууда", — деп Түз инвестициялар фондунан билдиришкен.
Ошондой эле Россиянын түркиялык өнөктөштөрү препаратты алууга абдан кызыкдар болуп жатканы белгиленди.
Коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы дүйнөдө биринчи болуп катталган. Ал Россиянын Түз инвестициялар фондунун колдоосу менен Гамалея улуттук борборунун адистери тарабынан иштелип чыккан.
Аталган препарат тийиштүү сыноолордон өткөндөн кийин 91 пайыздан ашык натыйжалуулукту көрсөттү. Ал эми COVID-19 инфекциясынын оор учурларына каршы 100 пайыздык натыйжага жеткен.