БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде 104 адам коронавирус жугузуп алса, 155 бейтап ооруну жеңип чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Илдеттен эки адам каза болуп, экөө тең Бишкек шаарынын тургундары экени айтылды. Ушуну менен өпкөнү сезгенткен оорудан 1 400 кыргызстандык көз жумду.
Бир сутка ичинде катталган жаңы учурлар:
Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкөдө COVID-19 жугузуп алган адамдардын жалпы саны 83 900гө жетти.
Айыгып чыккандар:
Ушуну менен коронавирустан сакайгандардын саны 79 927 кишини түздү.
Бүгүнкү күндө ооруканаларда 676 бейтап дарыланууда. Алардын үчөө канааттандырарлык абалда, 419у орточо оор, 221и оор абалда, 33ү өтө оор абалда жатат. Мындан сырткары, 967 бейтап үй шартында дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча төрт медицина кызматкери коронавирус менен ооруп калган. Алардын ичинен экөө илдетти кызыл зонадан жуктурган. Үй карантининен үч медик чыгарылган.