БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Россиялык "Мешок" интернет-аукционунда юбилейлик 100 сомдук купюра сатыкка коюлду.
Анын баштапкы баасы 2,2 миң рубль (2,5 миң сом) деп коюлду.
КРдин Улуттук банкынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, 100 сом номиналындагы банкнота 2014-жылы Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата чыгарылган. Бетинде "Токтогулга 150 жыл" деген жазуусу бар. Сериялык номери улуу акындын инициалдарынан башталат.
Бардыгы болуп мындай банкнотадан 3 миң даана чыгарылган. Бардыгы Кыргызстанда төлөм каражаты болуп эсептелет.