АКШда COVID-19га каршы эмделген киши эки сааттан кийин көз жумду

Көз жумган киши Moderna же Pfizer вакцинасыбы, кайсынысы менен эмделгени азырынча белгисиз. Буга карата жергиликтүү, штаттык жана федералдык деңгээлде иликтөө жүргүзүлүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. АКШда коронавируска каршы эмделген киши бир нече саат өткөндөн кийин көз жумганын РИА Новости жазды.
Калифорниядагы Плейзер округунун шерифинин кеңсеси өзүнүн Facebook баракчасына каза болгон адам өткөн айда COVID-19 илдети менен ооругандыгын билдирген. 
"Плейсер округунун Саламаттык сактоо кызматы жана шерифтин кеңсесинин коронавирус боюнча бөлүмү адам көз жумгандыгы жөнүндө маалымат алышты. Ал кишиге декабрь айынын аягында COVID илдети жуккандыгы аныкталган. 21-январда эмделип, бир канча саат өткөндөн кийин каза болгон", — деп айтылат билдүүдө.
Маркум округдун Саламаттык сактоо департаментинен башка жактан эмделгени айтылат. Буга карата жергиликтүү, штаттык жана федералдык деңгээлде иликтөө жүргүзүлүп жатат. Көз жумган киши Moderna же Pfizer вакцинасыбы, кайсынысы менен эмделгени азырынча белгисиз.