Түндө Бишкекте азык-түлүк саткан дүкөн өрттөнүп кетти. Видео

Өрт түнкү үчтөрдө чыгып, ага куткаруучулардын бир бөлүмү тартылган. Дүкөндөгү азык-түлүктөр менен 11 муздаткыч жана кондиционер күйүп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкекте түндө дүкөн өрттөнүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
"Короче" Telegram-каналы өрттүн видеосун жарыялады.
23-январга караган түнү 5-кичи районундагы №48 үйдүн жанында жайгашкан азык-түлүк саткан дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 02:39да Октябрь районунан бир бөлүм тартылган.
Тилсиз жоо саат 03:36да чектөөгө алынып, 04:30да толук өчүрүлгөн.
"Кийинчерээк дүкөндүн аянты 50 чарчы метр экени аныкталды. Ошондой эле азык-түлүктөр менен биргеликте 11 муздаткыч жана кондиционер күйүп кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Өрткө электр жабдыктарын орнотуудагы эреже бузуулар себеп болгон.