Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон өзүнүн атындагы музей ачты

Музей Рахмондун 80-жылдары окуган улуттук университеттин жаңы корпусунда ачылган. Анда студенттер экономика жана финансы багытында билим алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана анын уулу, Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомали тажик улуттук университетинде улут лидеринин музейин ачышты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Борбор Азия президенттеринин кимисинин укугу көбүрөөк. Ажолордун артыкчылыгы
Жума күнү Рахмон уулу менен университеттеги жети кабаттуу жаңы окуу корпусунун ачылышына катышкан. Анда студенттер экономика жана финансы багытында билим алышат.
Ушул эле корпуста өлкө президенти — улут лидери Эмомали Рахмондун музейинин ачылышы болгон.
Музей Тажикстандын улуттук университетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен мамлекет башчысынын эмгегин жаштарга эске салып туруу үчүн түзүлгөнү айтылат.