Бишкекте айыл чарба бизнесине кызыккандар үчүн ботаникалык жай ачылат

Айыл чарба министрлиги Корея менен меморандумга кол койду. Анда элди агротехнологиялар менен тааныштырып, бизнеске тартууга аракет кылышат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргыз-корей кызматташтыгынын алкагында айыл чарбасына кызыккандарга Бишкекте ботаникалык бакча ачылат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.
Аталган министрлик, Кыргыз улуттук университети жана Кореянын аймакты өнүктүрүү департаментинин айыл чарба илимдери жана технологиялары жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан.
Анын алкагында университеттин ботаникалык бакчасынын базасында демонстративдик талаа, же башкача айтканда, өзүнчө ботаникалык бакча ачуу каралган.
"Долбоордун негизги максаты айыл чарба адистерин, студенттерди, окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү, дыйкандарды, деги эле айыл чарбага кызыккандарды Кореянын акыркы агротехнологиялары менен тааныштыруу болуп саналат. Ошондой эле эки өлкөнүн алдыңкы илимпоздорун тартуу менен жергиликтүү калктын айыл чарба бизнесине болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
2021-жылы кызматташуунун алкагында төмөнкү долбоорлор пландалып жатканы айтылды: