Американын тургуну лотереядан 740 миллион доллар утуп алды

Бир миллиард долларлык номиналдагы джекпот (739,6 миллион накталай акча) Мичигандагы бактылуу билеттин ээсине берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Американын Мичиган штатынан Mega Millions лотереясынын билетин сатып алган жаран бир миллиард долларлык джекпот утуп алды. Бул тууралуу оюндун уюштуруучулары билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бир миллиард долларлык номиналдагы джекпот (739,6 миллион накталай акча) Мичигандагы бактылуу билеттин ээсине берилет. Бул 22-январда ойнотулган оюнда алты номер дал келген жападан жалгыз билет болду", — деп жазылат лотереянын сайтында.
Лампочкасы күйбөгөндө.... АКШлык аял жөн жерден эле 171 миң доллар утуп алды
Бул Mega Millions лотереясынын 2018-жылдан берки байгелердин рекорду болду. Ага чейин Түштүк Королинанын тургуну 1,5 миллиард доллар утуп алган.
Мындан эки күн мурун Powerball америкалык лотереясынын билетин Мэрилендден сатып алган жаран 731,1 миллион доллар өлчөмүндө уткан джекпотун айрып алган. Бул Powerball тарыхындагы төртүнчү эң ири байге болуп калды.