БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын 118 киши жуктурду, ал эми 155 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Жалпысынан 83 703 кишиден коронавирус аныкталган.
Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Айыккандардын жалпы саны 79 664 болду.
Тилекке каршы, акыркы суткада коронавирустан Чүйдө жана Ысык-Көлдө эки бейтап көз жумду. Пандемия ушуну менен 1 396 кишинин өмүрүн алды.
Стационарда 697 дарыланууда. Анын үчөөнүн абалы канааттандырарлык, 442 орточо, 219у оор, ал эми 33ү өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 1 017 бейтап бар.