БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ырчы Самара Каримова Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын директорлук кызматынан баш тартары боюнча билдирүүсүн Instagram баракчасына жазды.
Анда ал музыкалык окуу жайды аз убакытта өнүктүрүүгө аракет кылганын, бирок окуу жайдын эмгек жамааты буга макул болбогонун өкүнүү менен белгилеген.
"Жумушумду баштап, элибизге мыкты жыйынтыкты көрсөтөм деп позициямда катуу турдум. Бирок муну көпчүлүк түшүнө албады. Эли-журтумдун ак батасын албай кантип ишке киришем? Ошон үчүн окуу жайдын директорлугунан баш тартам. Бул тууралуу арызымды жазып, министрликке жолдойм", — деп жазган ал.
Эске салсак, КРдин эмгек сиңирген артисти Самара Каримова аталган окуу жайга жакында эле соттун чечими менен директор болуп келген. Бирок аны эмгек жамааты кабыл албай, бир топ талаш-тартыш жаралган.
Ырчы музыкалык орто окуу жайына директор болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин ал буйрук кайра жокко чыгарылган.
Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун билдирген. Каримова экс-министрдин чечимин сотко берип утуп алганы быйыл 13-январда маалым болгон. Бирок Маданият министрлиги райсоттун чечимине каршы даттанып шаардык сотко кайрылган.