"Бөрү зындан" фильми 1983-жылы тартылып, анын сценарийин Болот Шамшиев менен казакстандык Эркен Абишев экөө чыныгы окуянын негизинде жазган. Операторлук милдетти Манас Мусаев аткарган. Кинокартинада апийим сатып иштеген топтун кылмыштарын, СССРде жайылып бара жаткан баңгилик, деградация болуп бара жаткан коом көрсөтүлгөн. Муну менен режиссёр 1960-жылдардан баштап 1973-жылга чейин Ысык-Көл аймагында айдалган апийимдин элге тийгизген терс таасирин көрсөтүп, жогорку кызматтагы аткаминерлерге эскертүү кылган. Кинону тартуу иштерине Кыргыз ССРинин Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик коопсуздук жана борбордук комитети көмөктөшкөн. Себеби ал учурдагы абалды Москвага чейин жеткирүү зарыл болгон. Андан сырткары, Шамшиевдин бул эмгеги 1973-жылы бүткөн "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинофильминин уландысы болгон.
Кинокартина соңуна чыкканда көрүүчүлөр абдан жакшы кабыл алып, мамлекеттик казынага 100 миллион доллар түшкөн. Ар түрдүү эсептөөлөр боюнча, союз маалында аны 21 миллиондон ашык адам көргөн.
Режиссёр көзү тирүү кезинде ошол учурду мындайча эскерген:
"Тасманын тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети аябай каршы чыгып, фильмди коюуга бир жыл тыюу салынган. Биринчиден, наркотрафик өлкөдө болгон эмес, экинчиден, мамлекетте уюшкан кылмыш топтору жок, үчүнчүдөн, баңгизат менен кылмыштуулуктун ордосу Москва деп көрсөтүлгөнү чындыкка туура келбейт деген далилдерди келтирген. Аны Чыңгыз Айтматов сактап калды. Ал Совет мамлекетинин башчысы Леонид Брежневдин күйөө баласы, СССРдин ички иштер министринин орун басары, генерал Юрий Чурбанов менен абдан жакшы мамиледе экен. Ошо кишинин көмөгү менен кино прокатка чыккан. Бирок апийимдин ордуна аң-терилерди тартканга туура келген. Буга карабастан "Бөрү зындан" СССРде абдан популярдуу болуп, мамлекеттик казынага 100 миллион доллар каражат түшүрдү", — деген Шамшиев.