Ош шаарында алгачкы муниципалдык унаа токтотуучу жай курулду. Сүрөт

Ош шаардык мэриясы жана тийиштүү органдар жер тилкесин бөлүп берип, документтерин даярдап беришсе, тургундар бир айдын ичинде унаа токтотуучу жайды курушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ош шаарында алгачкы муниципалдык унаа токтотуучу жай курулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Ош шаарында алгачкы муниципалдык унаа токтотуучу жай курулду
2 / 3
Бул унаа токтотуучу жай 29 машинага ылайыкташтырылып, Манас-Ата кичи районундагы Салиева көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жанында курулган
3 / 3
Ош шаардык мэриясы жана тийиштүү органдар жер тилкесин бөлүп берип, долбоордук-сметалык документтерин даярдап беришкен
Бул унаа токтотуучу жай 29 машинага ылайыкташтырылып, Манас-Ата кичи районундагы Салиева көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жанында курулган.
Ош шаардык мэриясы жана тийиштүү органдар жер тилкесин бөлүп берип, долбоордук-сметалык документтерин даярдап беришкен. Унаа токтотуучу жайды үйдүн жашоочулары бир айдын ичинде курушкан.
Ош облусунун ооруканаларына 26 тез жардам унаасы берилди
Мэрия белгилегендей, буга чейин унаа токтотуучу жайдын ордунда темир гараждар турчу. Аларды тургундар эски эмерек, отун жана башка нерселердин кампасы катары колдонуп келишкен.
Мэрия калаанын башка кичи райондорунда да муниципалдык унаа токтотуучу жайларды уюштурууга боло турганын көрсөтүү үчүн семинар өткөрүү пландалып жатканын айтты.