Февралда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары Алматыда чогулат

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларын чогулткан иш-чаралар коңшу Казакстандын Алматы шаарында боло турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөттөр аралык жыйыны жана Almaty Digital Forum-2021 форуму өтөт. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган иш-чаралар Казакстандын Алматы шаарында боло турганы айтылды.
Санариптик форумдун пленардык жыйынына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, ЕАЭБге байкоочу мамлекеттер жана Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.