БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ушул аптанын аягында UFC жаңы жылдагы кезектеги мелдешин өткөрөт. Октагондо промоушендин атактуу мушкерлери ирландиялык Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порье күч сынашат.
Кармаш 24-январда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында өтүүчү UFC 257 мелдешинде болот. Атлеттер жылдызы жанып келе жаткан мезгилде, 2014-жылы беттешип, ирландиялык спортчу биринчи эле раундда техникалык нокаут менен уткан.
Арадан алты жыл өткөндөн кийин алар чыныгы такшалган мушкер катары кайра беттешип жатышат. Жеңүүчү жеңил салмактагы чемпиондук наамга башкы талапкер болот. Ошондуктан утуп чыгуу экөө үчүн тең өтө маанилүү.
Макгрегор таймашка узак убакыттагы тыныгуудан соң чыгып жатат, ал акыркы жолу өткөн жылдын январында Дональд Серроне менен кармашып, аны 40 секундада нокаутка түшүргөн.
Атаандашы Порье да 2020-жылы бир гана беттеш өткөргөн. Америкалык мушкер июнь айында Дэн Хукер менен октагонго чыгып, калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен уткан.
Макгрегор — Порье беттеши качан, кайсы жерде өтөт
Таймаш UFC 257 мелдешинин алкагында Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралында" жайгашкан Etihad Arena спорттук жайында өтөт. Жеңил салмактагы мушкерлердин кармашы кеченин башкы беттеши болот. Спорттук иш-чаранын катардагы беттештери 24-январда Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө башталып, болжол менен 10:30га чейин созулат. Ал эми кеченин башкы беттеши болжолдуу түрдө 10:30дарда болот.
Мелдештин башкы беттеши Макгрегор — Порье кармашын түз эфирден кайсы сайттан же телеканалдардан көрүүгө болот?
Кыргызстанда мелдешти түз эфирден РЕН ТВ телеканалы көрсөтөт. Ал башкы беттешке чейинки негизги кард деп саналган Жессика Ай (АКШ) — Жоан Калдервуд (Шотландия), Дэн Хукер (Жаңы Зеландия) — Майкл Чендлер (АКШ) таймаштарын көрсөтөт. РЕН ТВнын сайтындагы маалыматка ылайык, кармаштар Бишкек убактысы боюнча 09:40та башталат.
Setanta Sports спорттук телеканалы ММА спортунун күйөрмандарына акысыз түз эфир тартуулоону убада кылууда. Ал эми акы төлөп катталып UFC TV (Wink тиркемеси) жана UFC Fight Pass аркылуу беттештерди көрүүгө болот.