Элдин сынынан улам инаугурациянын сценарийи кайра түзүлөт. Расмий маалымат

Буга чейин президенттин аппарат жетекчиси инаугурацияга 10 миллион сом сарпталарын айткан. Коомчулуктун сынынан кийин Садыр Жапаров ашыкча каражат сарптабоону чечкен.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун инаугурациясында ашыкча чыгым болбойт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.
Анын айтымында, коомчулуктун талабын эске алып Садыр Жапаров өзү ушундай чечим кабыл алган.
"Инаугурация күнү кортеж болбойт жана резиденциядан баштап филармонияга чейинки жол жабылбайт. Банкет уюштурулбайт. Эми инаугурацияны уюштуруу комитети аземди даярдоо жана өткөрүү боюнча сценарийди башынан түзүп чыгат. Ал эми канча сумма кетери уюштуруу комитети жыйынга чогулгандан кийин белгилүү болот", — деди Анаркулов.
Кудум кинодогудай. Жапаровдун инаугурациясына кандай даярданып жатышат. Видео
21-январда президенттин аппарат жетекчиси, инаугурацияны уюштуруу комитетинин башчысы Сүйүнбек Касмамбетов иш-чараны өткөрүүгө 10 миллион сом сарпталарын айткан.
Ушул эле күнү инаугурацияга даярдык көрүү башталып, шаардагы айрым көчөлөр жабылган. Көп өтпөй унаа тыгыны жаралып, коомчулук бул көрүнүшкө сын пикирлерди билдирген.