БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Мыйзамсыз байыган деп кармалган Финполдун Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Айбек Токоев эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Айбек Токоевди 18-январда кармаган. Ал 2014-2020-жылдар аралыгында көптөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болгону, ал мүлктөр анын жакын туугандарына көмүскө түрдө катталганы айтылат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кыймылсыз мүлк жана финансылык активдери 4 миллион долларга бааланып, мыйзамдуу кирешесине дал келген эмес.