"Ботош" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ысык-Көлдө бир катар кылмыштарды жасаган деген шек менен кармалган "Ботоштун" кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунда мүчө экени аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун "Ботош" аттуу каймана аты бар О.А.К. аттуу активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун "Ботош" аттуу каймана аты бар О.А.К. аттуу активдүү мүчөсү кармалды
Ал Ысык-Көл облусунда бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө. Анын кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунда мүчө экени дагы аныкталган.
Ал Ысык-Көл облусунда бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө. Анын кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунда мүчө экени дагы аныкталган.
2020-жылдын сентябрь айында Ысык-Көл облустук сотунун чечими менен "Ботошту" камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.
УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатканы кошумчаланды.