Байден АКШга кирчүлөргө жаңы эрежелерди киргизди

Жозеф Байден кызматка киришери менен экс-президент Дональд Трамптын бир катар жарлыктарын жокко чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байден Кошмо Штаттарга кире турчу адамдардан ПЦР-анализи терс чыккан маалымдамаларды гана эмес, карантин да талап кылынарын жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Вирустун жаңы штаммын аныктап калсак, АКШга башка мамлекеттерден учуп келгендерге жаңы чараларды киргизебиз. Ар бири бет капчан болушу шарт. Ошондой эле АКШга келе турчулар учакка отурарда коронавируска тест тапшырып, Америкага келгенде карантинден өтүшү зарыл", — деген Байден.
Серепчи: АКШ менен РФ ортосундагы өз ара кызматташуу багыты өзгөрүүдө
Белгилей кетсек, Байден кызматка киришери менен экс-президент Дональд Трамптын бир катар жарлыктарын жокко чыгарган.
Алгач президент АКШны кайрадан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна мүчө кылып киргизди. Эске салсак, 2020-жылдын апрель айында Американын ал кездеги лидери Трамп ДССУну Кытайга өтө эле көңүл бурарын, болбосо уюм АКШ бөлгөн акчанын көпчүлүк үлүшүн аларын айтып чыккан. Июль айынан баштап Кошмо Штаттар уюмдан чыгуу процессин баштаган.