БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШдагы Капитолийди кайтарган Улуттук гвардиянын 15 миңдей жоокери жакынкы күндөрү Вашингтондон чыгып кетет. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ага ылайык, Улуттук гвардиянын аскерлери 6-январда Капитолийди Дональд Трамптын тарапташтары басып алып, башаламандык жаралганда тартылышкан.
"Улуттук гвардиянын бюросу жоокерлерди үйүнө жөнөтүү үчүн мамлекеттерге координация жана материалдык-техникалык жактан жардам берип жатат. Аскерлерди толугу менен артка кайтарууга бир нече күн керек", — деп айтылат маалыматта.
Вашингтонго 26 миңге жакын аскер жөнөтүлгөнү, учурда 10 600дөй адам кызмат өтөп жатканы айтылат.
20-январда жаңы шайланган президент Жозеф Байдендин инаугурациясы өтүп, ага Дональд Трамп катышкан жок.