БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Венгриянын Фармакология жана тамак-аш улуттук институту коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын каттоого алды. Бул тууралуу Россиялык түз инвестициялар фондуна таянып РИА Новости жазды.
Муну менен Венгрия Европа биримдигине кирген мамлекеттерден алгачкы болуп россиялык препаратты колдонууга расмий түрдө уруксат берген өлкө болду.
Каттоо тездетилген процедура (emergency use authorization) менен Россиядагы клиникалык сыноолордун натыйжасында жана венгриялык адистердин дары-дармекти ар тараптуу баалоосунан кийин жүргүзүлгөн.
Ушундай эле жол менен "Спутник V" буга чейин Аргентина, Боливия, Сербия, Алжир, Палестина, Венесуэла, Парагвай жана Түркмөнстандын бийлиги тарабынан кабыл алынган. Вакцина Беларуста дагы катталган.
Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19дун алдын алуу боюнча дүйнөдө биринчи болуп иштелип чыккан "Спутник V" препаратын колдонууга август айынын башында эле уруксат берген. Ал Россиялык түз инвестициялар фондунун колдоосу менен Гамалея улуттук борборунун адистери тарабынан иштелип чыккан.
Жай мезгилинде вакцина 18ден 60 жашка чейинки ыктыярчыларга жасалган эки этаптуу изилдөөдөн ийгиликтүү өткөн. Тажрыйба жүргүзүүгө катышкан жарандарда SARS-CoV-2ге антитело пайда болгон. Каттоого алынгандан кийинки сыноо фазасы сентябрда башталып, ага он миңдеген адам катышкан.
Изилдөө маалыматтарынын үчүнчү анализинен кийин "Спутник V" 91 пайыздан ашык натыйжалуулукту көрсөттү. Ал эми COVID-19 инфекциясынын оор учурларына каршы бул вакцина 100 пайыздык натыйжага жеткен.