Автоунаа номерлерин сатуудан өлкө бюджети 70 млн. сомго толукталды

2016-жылга чейин мамлекеттик унаа номерлерин жеке менчик компания даярдап келгендиктен кирешенин негизги бөлүгү алардын эсебине түшүп турган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Былтыр Каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" ишканасы сандардын өзгөчө айкалышындагы аукциондук жана аукционсуз номерлерди сатуудан мамлекетке 70 миллион сом которгон. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 2019-жылга салыштырмалуу автоунаага карата даярдалган номер белгилеринин саны 99 миң пластинага төмөндөгөн. Көрсөтүлгөн мезгил ичинде 485 миң автоунаа номери даярдалган.
"Бардыгы болуп 2020-жылы автоунаага карата 360 миңден ашуун мамномер даярдалган, алардын ичинен 11 миң 879 аукционсуз жана аукциондук мамномерлер. 348 миң 201 номер өлкөнүн аймактарына андан ары тарткатуу үчүн "Унаа" ишканасына берилген", — деп жазылат маалыматта.
2016-жылдын 1-июнунан тартып " Инфоком" ишканасы унаалар үчүн мамлекеттик номерлерди даярдоого киришкен. Ага чейин бул иш менен жеке менчик компания алектенгендиктен кирешенин негизги бөлүгү алардын эсебине түшүп турганы айтылат.