БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Турак жайы бар кыргызстандыктар деле жеңилдетилген ипотека ала алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
Жетекчи МИКтин туунду ишканасы болгон "Ак-Босого" турак жай-сактоо компаниясы тууралуу маалымат берди. Анын алкагында жарандар турак жай алуу же үйдү оңдоп-түзөө үчүн каражат ала алышат.
"МИКке турак жайы таптакыр жок, Кыргызстандын аймагында жашап, иштеген жарандар гана кайрыла алат" деген нерсе көпчүлүк жаранды чектеп коюуда. Туунду ишканада мындай чектөөлөр жок. Бир нече үйү бар адам деле акча чогултуп, жеңилдетилген насыя алса болот", — деди Абжапарова.
Анын айтымында, туунду компаниянын шарттары төмөнкүдөй:
"Мисалы, сиздин балаңыз бар дейли. Ага кийин үй алам деген пландарыңыз болсо, аталган туунду компанияга келиңиз. Ал жерден келишим түзүп, ай сайын жылдык үч пайыз менен депозиттик эсебиңизге акча сала бересиз. Зарыл болгон сумманын жарымын чогулткандан кийин сизге узак мөөнөткө жеңилдетилген насыя берилет. Эгер үч жыл топтосоңуз, анда насыяны алты жылга аласыз. Эгер беш жыл акча чогултсаңыз, анда насыяны 10 жылга аласыз. Насыя алтыдан тогуз пайызга чейинки ченем менен берилет", — деди ал.
Абжапарова азырынча жарандардын депозити кабыл алынып, насыялоо үч жылдан кийин баштала турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, бул структура жеке менчик компаниялардан мамлекеттики болгону менен айырмаланат. Анткени ал Улуттук банктын көзөмөлүндө болуп, ал эми депозиттер агенттик тарабынан корголот.
Аталган компания былтыр катталып, бирок лицензияны жакында эле алган. Эми келишим түзүп, депозиттерди кабыл ала баштады. Азырынча бул кызмат Бишкек шаарынын тургундары үчүн жеткиликтүү экени айтылды.