Хирург Шабыралиев: операцияга кезек жетпей чарчап калган бөбөктөр бар, шарт начар

Акыркы кезде тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын саны өсүүдө. Мындай балдарга операцияны жалгыз Улуттук кардиология борборунун тубаса жүрөк кемтиги боюнча балдар хирургиясы жасайт. Азыр бул бөлүм мышык ыйлаарлык абалда.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы балдар кардиологиясы бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты Самидин Шабыралиев менен тубаса жүрөк кемтиги оорусу жана бөлүмдүн азыркы абалы тууралуу баарлашты.
— Жүрөк кемтиги эмнеден улам пайда болот?
— Себеби көп, бир-экөөнү бөлүп көрсөтүүгө болбойт. Эненин курсагында жаткан түйүлдүктүн жашоого керектүү органдарынын баары үч айга чейинки убакытта түзүлөт. Ошол кезде таасир этүүчү ар кандай сырткы жагымсыз факторлордун натыйжасында бала тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлүшү мүмкүн. Ошондой эле генетикалык (туугандар баш кошкондо) жана экологиялык факторлор бар. Азыр Бишкекти каптаган ыш да таасир берет. Өзгөчө радиация жаман. Кош бойлуу кезде эне ар кандай инфекциялык оорулар менен ооруса, күчтүү дарыларды ичсе, витаминдердин жетишсиздиги жана эненин кант диабети өңдүү өнөкөт дарты болсо бала жүрөк кемтигине кабылышы мүмкүн. Мындан сырткары, спирт ичимдиктеринен жана чылым чегүүдөн алыс болуу зарыл.
— Боюнда бар аял түйүлдүктүн жүрөк кемтигине чалдыкканын байкай алабы?
— Бойго бүткөндөн үч ай өткөндөн кийин эхокардиографиядан билсе болот. Бул аппарат түйүлдүктүн кайсы органында кандай кемчилик бар экендигин көрсөтүп берет. Азыр медицина ушуга жетишкен.
Самидин Шабыралиев: Тубаса жүрөк кемтигинин жүздөн ашык түрү бар. Ошолордун ичинен бала төрөлөрү менен тез арада операция жасоого муктаж болгон түрлөрү болот.
— Белгилери кандай болот?
— Тубаса жүрөк кемтигинин жүздөн ашык түрү бар. Ошолордун ичинен бала төрөлөрү менен тез арада операция жасоого муктаж болгон түрлөрү бар. Антпесе наристе чарчап калышы мүмкүн. Төрөтканада микропедиатрлар болот. Алар баланы текшерип, жүрөгүн тыңшап көрүшөт. Ымыркайдын денесинде көгү же жүрөгүндө дабыш бар болсо бизге жиберишет. Бала көп учурда көгөрүп төрөлүп, алсыз болгондуктан атайын аппаратка жаткырышат. Бирок баарына эле операция жасала бербейт.
Атасынын өлгөнүн уккан уулунун сөзүнө ыйлап жибердим. Дарыгердин маеги
Кээ бирлерине дароо операция жасалышы керек болсо, айрымдары операцияны күтөт. Ал эми кайсы бир түрлөрү операциясыз эле дарылоо жолу менен калыбына келет. Бизде жүрөк кемтиги дартынын бардык түрүнө операция жасалат. Айрым тубаса жүрөк кемтигине Борбор Азияда биринчи жолу бизде операция жасалган.
— Анда эмне үчүн жүрөк кемтигине кабылган балдарды чет жактан операция жасатууга жардам сурагандар көп болууда?
— Эми ата-эненин каражаты жетишсе каалаган жактан жасата беришет. Келип кеңеш деле сурашпайт. Кээде бизде 20 миң сом турган операцияны чет мамлекеттен 15-20 миң долларга жасатып келген учурлар болгон. 
Бизде негизинен мүмкүнчүлүк чектелүү. Жандандыруу бөлүмүндө болгону бир операциялык стол жана төрт эле койкабыз бар. Бул жетишсиз. Ошол себептен операция талап кылынган наристелердин бардыгына эле жардам берип жатабыз деп айтуудан алысмын. Кээде реанимация бошобой операциясын күтүп жатып чарчап калган бөбөктөр болот. Бул маселенин баарын мамлекет чечип бериши керек. Республикадагы жалгыз тубаса жүрөк кемтиги менен туулган балдар хирургиясынын абалы ушундай.
Самидин Шабыралиев: Жандандыруу бөлүмүндө болгону бир операциялык стол жана төрт эле койкабыз бар. Бул жетишсиз. Ошол себептен операция талап кылынган наристелердин бардыгына эле жардам берип жатабыз деп айтуудан алысмын.
— Кандай болушу керек эле?
— Жандандыруу бөлүмүндө сегиз керебет болушу зарыл. Европалык стандарт боюнча төрт койка, бир операциялык столго жылына 250 операция жасашыбыз керек эле. Бирок 2019-жылы 430, быйыл пандемияга байланыштуу 320 операция жасалды. Ошондой эле балдардын өмүрүн сактап калууда өтө маанилүү аппараттарга муктажбыз. Бул маселелердин баары мурда эле өкмөткө жеткен. Бизге мурунку вице-премьерлер, өкмөт башчы жана депутаттар деле жылына келип кетишчү. Акыбалыбызды, ооруканабыздын шартын баары билишет, бирок эч нерсе чечилген эмес. Келип эле кетишет. Мамлекет тарабынан эч кандай жардам жок.
Күнүнө 50дөн адам каза табат. Жүрөктү жабыркаткан коркунучтуу 8 дарт
Бир жашка чейинки балдардын дарылануусу бекер, калган операцияга келген бейтаптар акчасын төлөп, дарыланат. Жандандыруу бөлүмү менен операция жасоочу блогубуз мышык ыйлагыдай абалда. Эч кандай шарты жок. 2013-жылы өзүбүз 250 миң евролук немец грантын утуп алганбыз. Анын 200 миң евросуна аппарат алып, азыр ошону менен эптеп иштеп жатабыз. Андан кийин Help the children фондунун жетекчиси Елена Конева менен биргеликте телемарафон уюштуруп, чогулган 25 миң долларга бир жабдык алганбыз. Ошондой эле бир топ жыл мурда Ганси авиабазасынын аскерлери менен сүйлөшүп, Америкадан жасалма кан айлантуу аппаратын алдырган элек. Андан бөлөк эч кандай жаңылануу болгон жок. Ал эмес мурунку аппараттар да керектен чыгып бара жатат. Мамлекет айлыгыбызды эле берет. Бөлүмдүн сынган, талкаланган жерлерин врачтар өз каражатыбызга жасайбыз.
Балдардын тубаса жүрөк кемтиги хирургиясынын иштөө шарты, технилык абалы өтө начар
— Дары-дармек жагычы?
— Бизде дары да, аппарат, жабдуу да жетишпейт. Башкача айтканда, согуш талаасындагыдай шартта иштейбиз. 2019-жылы Иса Коноевич Ахунбаевдин алгачкы операция жасаганына 50 жыл толуп, Кытай, Германия баш болгон дүйнөнүн төрт бурчунан адистер келген. Конференциянын жүрүшүндө биздин бөлүмдө мастер-класс катары немецтер операция жасашты. Ошондо алар баш чайкап: "Бул институтту тезинен жабуу керек, талапка жооп бербейт, эч нерсеси жок экен", — деп айтышкан. Башкасын айтпай эле коёюн, бизде керек болсо кадимки рентген жок. Бул маселени канча ирет көтөрдүм, бирок көңүл бурган жан боло элек. Миллиарддап уурдалган коррупциялык иштерди угуп жатабыз. Бизде жок дегенде бир миллион доллар болгондо канча баланы сактап калууга мүмкүн болор эле. Бөлүмдө операцияны күтүп эки-үч айлык наристелер да жатат. Ошолордун абалын келип көрүшсө болмок. Операция жасаганда эле сакайып кетпейт, андан кийин да дыкат көзөмөл керек. Мында да баягы эле жетишпестик, керектүү аппараттардын жоктугу көкөйдү кесүүдө.
— Операциялардын наркы канча?
— Эң арзаны 15 миң сом, ал эми эң оор операция 99 миң сомдун тегереги. Мындан тышкары, Москвадагы А.Н.Бакулев атындагы институттун профессору Алексей Ким жылына бир-эки жолу бизге келип, өтө оор акыбалдагы бөбөктөргө операция жасап кетет. Ал киши менен атайын келишимдин негизинде иштешебиз.
Самидин Шабыралиев: Бизде дары да, аппарат, жабдуу да жетишпейт. Башкача айтканда, согуш талаасындагыдай шартта иштейбиз.Кадимки рентген да жок.
— Канча убакытка чейин жасалат?
— Орточо алганда үч саатка чейин созулат.
— Талаптагыдай шарт жок болгондуктан, өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон балдар да чарчап калып жаткан турбайбы?
— Азыр бизде балдардын каза болгон учуру беш пайызды түзөт. Керектүү шарттар түзүлүп, жабдыктар жетиштүү болсо аны үч пайызга чейин азайтууга мүмкүн болор эле. Биз азыр 100 миң, 500 миң доллар болсо да муктажбыз. Алмазбек Атамбаевдин убагында вице-премьер Алтынай Өмрбекова келип, абалыбызды көрүп: "Эч нерсе кыла албайбыз, акча жок", — деп кеткен эле. Кичинекей балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн бизди деле көңүлгө алып коюшса болмок.
Жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын саны жылдан-жылга өсүп жатат. Өткөндө биздин дарыгерлер Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарчасындагы бир эле айылдан тубаса жүрөк кемтиги менен жабыркаган 55 баланы таап келишти. Башка аймактар кантип жатат, билбейм...
Самидин Шабыралиев: Кан айланууну жасалма түрдө жөнгө салуучу жабдууга зарыгып турабыз. Баасы 180-200 миң доллар.
— Ушундай шартта ишин таштап чет мамлекетке кетип калган адистер да болсо керек?
— Чет мамлекетке кеткен адам кайра келбейт да. Врачтардын кетип калгандары да, таштай албай чыдап иштеп жүргөндөрү да бар. Айлык аз. Биздеги төрт врач күнүнө төрттөн, жылына 430-440 операция жасайт. Жумуш көп. Бизден башка мамлекеттердин медицинасы алдыга кеткен. Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына жаңы салынган балдар кардиохирургиясындагы жабдыктарды көрүп биз эмес, европалык адистер да таң калышкан. Коңшу Өзбекстан да бардык шарты менен жаңы оорукана курду. Биз 1970-80-жылдарда калып калганбыз.
— Ооруканага учурда эң керектүү болуп жаткан аппарат кайсы, баасы канча?
— Кан айланууну жасалма түрдө жөнгө салуучу жабдууга зарыгып турабыз. Баасы 180-200 миң доллар. Операция учурунда кан айланууну жөнгө салуучу органдардын ролун ушул аппарат аткарат.