Сыртбай Мусаев Мамлекеттик тил комиссиясына төрага болуп дайындалды

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш алып барат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койду.
Назаркул Ишекеев бул кызматты 2017-жылдын январь айынан бери аркалап келген.
Мамытовдун дагы бир Жарлыгы менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп Сыртбай Мусаев дайындалды.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш алып барат.