БШКнын эки мүчөсү президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок. Жүйөлөрү

Кечээ күнү БШК Садыр Жапаровдун президенттик шайлоодо жеңгендиги тууралуу токтом кабыл алган. Комиссиянын 10 мүчөсү колдосо, экөө каршы чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Боршайкомдун мүчөлөрү Гүлнара Журабаева менен Адилет Сатыгулов мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын таанышкан жок. Алардын айтымында, айрым жерлерде Конституция менен мыйзамдар эске алынбай калган.
БШКнын эки мүчөсүнүн өзгөчө пикирин кечээки жыйында Журабаева түшүндүрүп берди.
"Болуп өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктарын чыгарууга мүмкүн болгону менен шайлоону уюштурууда жана өткөрүүдө катталган эреже бузуулар шайлоо жыйынтыгынын легитимдүүлүгүнө таасир эткенин эске алуу керек", — деди ал.
Журабаева менен Сатыгуловдун пикиринде, шайлоодо төмөнкүдөй эреже бузуулар болгон:
Кечээ күнү БШК Садыр Жапаров президенттик шайлоодо жеңгендиги боюнча токтом кабыл алган. Ага комиссиянын 10 мүчөсү макул болсо, экөө каршы оюн айтышкан.