Кечинде Өзгөн менен Кара-Сууда жер титиреди

Жер титирөө Оштун айрым жерлеринде 3 баллга чейин сезилген. Министрликтин айтымында, жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Өлкө аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгонун ӨКМ Сейсмология институтуна таянып билдирди.
Жер титирөө кечээ, 20-январь күнү, саат 22:01де катталган.
Ал Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб, Мырза-Арык айылдарында 3 балл, Өзгөн шаарында 2 балл, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Правда айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.