Конституция боюнча референдумду коомдук талкуусуз үч окуудан өткөрүү сунушталды

Мыйзам долбоору боюнча маалым катта 10-январда президенттик башкаруу формасын тандаган кыргызстандыктар эми Баш мыйзамды өзгөртүшү керектиги айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Бакытбек Турусбеков жана Умбетаалы Кыдыралиев Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду жөнөкөйлөштүрүп, тез аранын ичинде өткөрүп салууну сунуштады. Бул демилге боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Садыр Жапаров КР президенти болуп шайланды. БШКнын токтому
Демилгечилер азыркы саясий кырдаалды көпкө создуктурбай референдумду жарыялоо боюнча процедуралар жөнөкөйлөштүрүлүшү керек деп эсептейт. Ошол себептүү референдум боюнча мыйзам долбоорун үч окуудан тең бир күндө өткөрүү сунушталууда.
Ошондой эле бул мыйзам долбоорлору Конституциядан алынып дээрлик өзгөртүлбөгөндүктөн, коомдук талкуусуз эле өткөрүп ийүү туура экени айтылды.