БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасынын абоненттери жарык үчүн төлөмдөрдү почта түйүндөрүнөн төлөй алышат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.
Эсептерди терминалдар, электрондук капчыктар, коммерциялык банктар, MegaCom компаниясынын сатуу жана кызмат көрсөтүү борборлорунан дагы төлөөгө болот. Мындан сырткары, "Түндүк электрдин" Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустарындагы кассаларына кайрылууга мүмкүн.