Кыргызстандагы коронавирус: дагы эки киши көз жумуп, 155 адамдан оору чыкты

Каза болгондор Бишкек менен Чүйдө дарыланып жаткан. Коронавирус пандемиясы Кыргызстанда 1 394 кишинин өмүрүн алып кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирусту акыркы суткада 155 киши жуктурса, 136 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Кыргызстанда жалпы COVID-19 инфекциясынын 83 585 учуру катталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Жалпы айыккандардын саны 79 509 болду.
Бир сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен Бишкекте жана Чүйдө эки бейтап каза тапты. Ушуну менен илдеттен көз жумгандардын саны 1 394кө жетти.
Учурда стационарда 708 бейтап дарыланууда. Ал эми амбулатордук дарыланууда 1 044 киши бар.