Өлкөгө РФ аскерлери үчүн COVID вакцинасынын биринчи партиясы келди

Эмдөөдөн алгач аскер базанын медиктери, күжүрмөн даярдыкта турган аскер кызматкерлери, командалык курам жана нөөмөттүк күчтөр өтөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. ЖККУнун Кыргызстандагы "Кант" базасына COVID-19 вакцинасынын биринчи партиясы жеткирилди. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын Коргоо министрлигинин Борбордук аскер округунун маалымат кызматына шилтеме берүү менен билдирди.
"Коронавирустук инфекцияга каршы 200 дозадан турган вакцинанын биринчи партиясы Борбордук аскер округунун аскердик-транспорттук учагы менен Кыргызстандагы "Кант" аскердик базасына жеткирилди. Аскер медиктери аны атайын контейнерлерде алып келишти", — деп айтылат билдирүүдө.
Эмдөөдөн алгач аскер базанын медиктери, күжүрмөн даярдыкта турган аскер кызматкерлери, командалык курам жана нөөмөттүк күчтөр өтөт. Вакцина алуу ыктыярдуу түрдө болору жана аны саяр алдында организмге тийгизген таасири тууралуу сүйлөшүүлөр жүрөрү белгиленди.