Жапаровдун инаугурациясына кимдер келет? Расмий жооп

Салтанатка дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары катыша турганы маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Садыр Жапаровдун инаугурациясына мамлекет башчылар келбейт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, салтанатка дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары катышат.
"Коронавирус пандемиясынан улам коопсуздукту сактоо максатында мамлекет башчыларынын келиши күтүлгөн жок. Кененирээк маалыматты президенттин аппарат жетекчиси, инаугурацияны уюштуруу комитетинин башчысы Сүйүнбек Касмамбетов берет. Мындан сырткары, иш-чарага башка да меймандар келери пландалууда", — деди маалымат кызматы.
Буга чейин президенттин инаугурациясы 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтө турганы айтылган.
20-январь күнү БШК президенттик шайлоонун жыйынтыгын айтып, анда Садыр Жапаров жеңгенин кабарлады. Жапаров шайлоочулар добушунун 79,2 пайызын алган.