Депутат Нурдинов ЖКда аскерлер күбөлүк сурап астын тосконуна нааразы болду

Эл өкүлү бир блогер келип имараттын ичи таштандыга толгону туурасында тартып көрсөткөнүн да белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Депутат Бейшеналы Нурдинов парламенттин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин имаратынын ичи таштандыдан тазаланбай жана кирип баратканда аскерлер кызматтык күбөлүгүн сураганына нааразы болду.
Эл өкүлү бир блогер келип ЖК имаратынын ичи таштандыга толгону туурасында тартып көрсөткөнүн белгиледи.
"Эшиктен автоматтык түрдө кирип-чыга турган кылып жасап койсок болбойбу. Мурда чип менен кирип-чыкчу элек. Азыр аскерлер ар бирин кызматтык күбөлүгүңдү көрсөт деп киргизбей тосуп отурат. Биз го көнүп калдык, бөлөк жактан кишилер келсе, карапайым эл кирсе эмнесин көрсөтөт. Жогорку Кеңештин ичинин баары таштанды, тазаланбайт. Бүгүн да келе жатып көрдүм", — деди депутат.
Ошондой эле Нурдинов октябрь окуяларынан кийин депутаттардын кабинетинде телефон да жок экенин айтып өттү.