Чубак ажынын сейрек сүрөттөрү. Күлгүн жаштык, атактуулук, шум ажал

Sputnik

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Чубак ажынын сүрөттөрүн топтоду.

Мурдагы муфтий былтыр 11-июль күнү эки тараптуу пневмония менен оор абалда ооруканага түшүп, тилекке каршы, реанимациялык аракеттерге карабастан көз жумган.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев посетил семью Чубак ажы Жалилова
Муфтий Чубак ажынын бала-бакырасына жолугуп, акчалай жардам берди. Сүрөт
Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Жалал-Абаддагы Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1996-жылы Кыргызстандагы Ислам университетин, 2000-2006-жылдары Сауд Аравиядагы Эл аралык "Умм ал-Кур" университетинде жогорку билим алган.

Чубак ажы 2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти катары эмгектенген. Ал эми 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын жетектеген. Андан Аалымдар кеңешинин мүчөсү катары эл кыдырып, насаатын айтып жүрдү. Ошондой эле окуу жайларда мугалимдикти аркалаган.