Бишкекте көмүрдүн радиациялык фону нормадан ашып кеттиби? Адистердин жообу

Адистер алты ишкердик субъект саткан Нарын облусунун Кара-Кече жана Казакстандын Кара-Жыра кенинин көмүрүн текшеришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаары боюнча региондор аралык башкармалыгы борбор калаада жана Чүй облусунда радиациялык фонду текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Кыргызстанда бир жылда көмүр казуунун көлөмү 2,46 млн. тоннага жетти
Натыйжада өлчөөлөр радиациялык фондун деңгээли "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" КРдин техникалык регламенттеринин белгиленген ченеминен ашпагандыгын көрсөткөн.
Мекеме өлчөөлөр премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиковдун тапшырмасы менен жүргүзүлгөнүн белгиледи.