Коронавирустун пайдасы: Баткенде башка жугуштуу оорулар азайды

Мындай көрүнүштүн себебин адистер COVID инфекциясына байланыштуу элдин санитардык-гигиеналык талаптарды жакшы сактагандыгы менен байланыштырган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Баткен облусунда 2020-жылы коронавирус инфекциясын эске албаганда дээрлик бардык жугуштуу оорулар азайган. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
"Мунун себебин адистер COVID-19 инфекциясына байланыштуу жарандардын санитардык-гигиеналык талаптарды жакшы сактагандыгы менен байланыштырат. Ошондой эле карантиндик чектөөлөрдөн улам жарандардын коомдук жайлардан оолак болушу, бет кап кийиши, туура жана витаминдүү тамактангандыгынын таасири дешет", — деп айтылат маалыматта.
Маселен, курч ичеги-карын оорусу менен 2019-жылы 3591 бейтап катталган болсо, 2020-жылы 1655 оорулуу кайрылган. Салыштырмалуу 1936 кишиге аз.
COVID-19дун биринчи толкунунда өкмөт кандай ката кетирген. Комиссиянын жообу
Ал эми сасык тумоо менен ооругандар эки жыл мурда 18 038 болсо, былтыр 13 802 жаран кайрылган. Башкача айтканда, 4 236 адамга аз катталган.
Вирустук гепатит менен 2019-жыл ичинде 1640 адам кайрылып, 2020-жылы 642 оорулууга азайган. Вирустук гепатит оорусунун В түрү менен 2019-жыл ичинде — 26, ал эми 2020-жылы 9 учур катталып, салыштырмалуу 17 учурга азайган.
Вирустук гепатит оорусунун С түрү 2019-жыл ичинде 4 учур, ал эми 2020-жылы 1 учур катталып, 3кө азайган.
Кургак учук менен ооругандар 2019-жылы 308 болсо, былтыр 52ге азайган.
Кыргызстандагы коронавирус: дагы эки киши көз жумуп, 155 адамдан оору чыкты
Жаныбарлардын тиштөөсүнөн жабыр тарткандар 2019-жылы 1168 болсо, 2020-жылы 510 учурга аз катталган.
Бир гана бруцеллез менен ооругандар 2019-жылы 50 адам болсо, 2020-жылы 11ге көбөйгөн (61).
Ал эми былтыр паратиф А жана В, ошондой эле сибирь жарасы кездешкен эмес.