Жо Байден ант берип кызматына киришти

Демократ жана мурдагы вице-президент Жо Байден АКШнын 46-президенти болупк алды. Ал конгресске 36 жыл мүчөлүк кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жо Байден ант берип АКШнын президенттик кызматына киришти.
"Мен, Жозеф Робинет Байден, салтанаттуу түрдө Америка Кошмо Штаттарынын президенттик кызматын ак ниеттүүлүк менен аткарууга, Конституцияны кайтарууга жана коргоого болгон күчүмдү жумшайм деп ант берем", — деп билдирди.
Байден бүгүн АКШга кирүү боюнча кыргызстандыктарга коюлган чектөөнү алып салат
Байден тарыхтагы эң кары президент. Ал 78 жашта.
Эске салсак, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында демократ Жо Байден шайлоочулардын 306 добушун алып жеңишке жеткен. Ал эми анын атаандашы АКШнын учурдагы башчысы Дональд Трамп 232 добуш алган. 7-январда добуш берүүнүн жыйынтыгы толугу менен расмий бекитилген.