БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Россиялык Умар Нурмагомедов менен казакстандык Сергей Морозов көз караштар таймашына чыкты. Бири-бирине тик карашкан мушкерлердин видеосун Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) Instagram баракчасына чыгарды.
Жүз карашуу оор басырыктуу маанайда өтүп, спортчулар урмат-сый мамиледе кол кармашты.
Атлеттердин кармашы бүгүн, 20-январда, Абу-Даби шаарындагы "Мушкерлер аралы" спорттук жайында өтөт. Бул таймаш эки мушкердин тең промоушендеги бет ачар кармашы болуп саналат.
Россиялык мушкерге жакын тууганы, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов секундант болот.