Мэриянын Транспорт башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Акматбаевди жаңы кызматка которуу буйругуна мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Таалайбек Акматбаев мэриянын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, аталган буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.
Акматбаев буга чейин Октябрь районунун акиминин орун басары болуп иштеп жаткан. Ал мыйзамдын 30-беренесине ылайык, жаңы кызматка ротация жолу менен дайындалды.