Садыр Жапаров КР президенти болуп шайланды. БШКнын токтому

Расмий жыйынтык боюнча, президенттикке талапкер Садыр Жапаров атаандаштарын кыйла артта калтырган. Эми Жапаровдун ишке киришүүсү үчүн инаугурация өтүшү керек.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандагы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады.
Ага ылайык, Садыр Жапаров шайлоочулардын 79,2 пайыз добушун алып жеңип чыкты. Экинчи орунда 6,79 пайыз менен Адахан Мадумаров болсо, үчүнчүнү 2,36 пайыз менен Бабыржан Төлбаев ээледи.
Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы. Кол менен саноо
Президенттикке 17 киши ат салышкан. Кезексиз шайлоо өткөрүү чечими мурунку өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун отставкасынан кийин кабыл алынган. Президенттик шайлоо менен бирге башкаруу формасы аныктала турган референдум да өткөн.
Шайлоо жана референдумду өткөрүү үчүн 2 474 участок даярдалган, анын 48и чет өлкөлөрдө болду.
Жалпы жонунан биометрикалык маалымат тапшырган 3 миллион 563 миң 574 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ.